Эл аралык Олимпиадалык комитет самбо, кикбокс, тай боксун спорттун олимпиадалык түрү деп кабыл алды.
Маалыматка ылайык, 20-июль күнү комитеттин кезектеги сессиясында самбо, чирлидинг, лакросс, айсшток, киксбокс жана тай боксу спорттун олимпиадалык түрү деп кабыл алынды. Эл аралык Олимпиадалык комитеттин чечимине ылайык аталган федерациялар географиялык статусуна жана катышуучулардын талаптарына жооп берет.
Бирок бул аталган спорттун түрлөрү дароо Олимпиада оюндарынын түрлөрүнө кошулушун шарттабайт. Айта кетсек, топ менен хоккей оюну 2004-жылы эле спорттун олимпиадалык түрү деп кабыл алынган, бирок азыркыга чейин оюндардын тизмесине кирген эмес.