Кыргыз өлкөсүнүн баскетбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Түндүк Кипр курамасына утулуп калды. Бул тууралуу Баскетбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш 19-июль күнү Лефкоша шаарында өткөн. Талаа ээлери 78:62 эсебинде жеңишке жетишкен.
Ал эми бүгүн, 21-июлда аталган командалардын ортосунда экинчи беттеш болот.