"Челси" клубу "Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовскийге кызыгып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Оюнчунун агенти Пини Захави буга чейин Лондон клубунун өкүлдөрү менен байланышкан. "Челси" ушул жайда Боруссия Дортмунддун чабуулчусу Эрлинг Холланды өз командасына кошо албаса, 32 жаштагы "Бавариянын" чабуулчусун сатып алууну көздөөдө.
Буга чейин Левандовскийге "Манчестер Сити" клубу кызыгуу жаратып жатканы айтылган. Өткөн сезондо Левандовский Бундеслиганын 29 оюнунда 41 гол киргизип, 7 пас берген.