2032-жылы Жайкы Олимпиада Австралиянын Брисбен шаарында өтөт

Австралиялык Брисбен 2032-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугун жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай чечим Токиодо (Япония) Эл аралык Олимпиада комитетинин сессиясында кабыл алынды. ЭОК сессиясынын 80 катышуучусунун 72си Брисбендеги оюндарга добуш берсе, бешөө каршы добуш берген. Сессиянын дагы үч катышуучусу добуш берүүгө катышкан жок.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) Аткаруу комитетине 2032-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарын Брисбенде өткөрүү сунушталган.

Буга чейин олимпиада Австралияда эки жолу өткөн. 1956-жылы Мельбурн шаарында жана 2000-жылы Сиднейде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-07-21 16:52:49
Мына
0
Asmat84
2021-07-21 21:09:27
Австралия жайкы олимпиада оюндарынын негиздөөчүсү турбайбы. Биздин да көчмөндөр оюну ушинтип дүйнөлүк рейтинге чыкса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан