Бишкектеги панорамадан аял киши боюн таштап каза болду

Бишкектеги панорамадан аял киши секирип каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү саат 06:56 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аял киши Көк-Жар айылындагы панорамадан секиргени тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган окуя Аламүдүн РИИБинде маалымат китепчесине жазылган.

Тергөө-ыкчам тобу окуяга барган учурда орус улутундагы 38-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Учурда жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө ыкчам аракеттери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан