Депутат Шайлообек Атазов "Ала-Арча" резиденциясына эмне үчүн бара жатышканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "Ала-Арча" резиденциясында депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуп, мыйзам долбоорун талкуулай тургандыгын билдирди.

"Президент менен депутаттардын жолугушуусу болот. Шайлоо мыйзамдарын талкуулоо жүрөт. Эл өкүлдөрүнүн дагы ойлору бар.

Буга чейин канча шайлоо, көтөрүлүш болсо дагы шайлоодон кийин болуп жатат. Шайлоо мыйзамы чийки болуп калып, кайрадан окуялар кайталанбашы үчүн татыктуу мыйзам кабыл алынышы керек. Бүгүн элге өтүмдүү мыйзам кабыл алынат деген үмүтүм бар", - деп билдирди Атазов.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуша турганын билдирген.

Депутат Атазов резиденцияга эмнеге бара жатышканы тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-07-22 06:09:49
Атазов башка чимкириктерге караганда кыска убакытта коп проблемный нерсени которду.Азаматсын!
+2
arno2008
2021-07-22 11:06:09
Баарыңды алдап алпарып чоң сууга салып жиберсе болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан