Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир канча провинциялардагы темир жол станциялары жана жолдор суу астында калды. Ал эми Хэнань провинциясынын 10 миңден ашуун жашоочусу эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жамгырдан ондогон шаарлар суу астында калып, 145 миңге чукул жергиликтүү тургун жабыр тарткан. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Чженчжоу провинциясында кеминде 3 адам каза болуп, 2 адам дайынсыз болууда.
Ошондой эле авиакаттамдар токтотулуп, унаа жолдору убактылуу жабылган. Маалыматта мындай нөшөрлүү жамгыр акыркы 60 жылдан бери катталбаганы айтылат.