Орусиянын "Russia Today" телеканалы Кыргыз өлкөсүндөгү кыз ала качуу тууралуу "Карма дагы кач: Кыргыз өлкөсүндөгү уурдалган келиндер" аттуу даректүү тасма тартышты. Даректүү тасма аталган телеканалдын Ютуб платформасына жарыяланды.
"Кыргыз өлкөсүндө ар кандай божомолдор менен ар бир 2-3 нике ала качуунун негизинде кыздын каалоосуна каршы болот. Кызды элдин көзүнчө эле уурдап кетишет. Бул байыртан келе жаткан "ала качуу" деген салт. Башкача айтканда, "карма дагы кач", бул салт эмне үчүн дагы деле өкүм сүрүп келет?", - деген суроо салышкан тасманын авторлору.
Бул тасмада ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын жашоосу, качып кеткендер жана аянычтуу тагдырга туш болгондор тууралуу баяндалат.