"Манас" эл аралык аэропортунан Европа өлкөлөрүнө жалпы салмагы 1 тоннадан ашык катализаторлорду мыйзамсыз экспорттоо ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Милдеттүү техникалык кароо жоюлгандан кийин автомобилдик катализаторлорду сатуу үчүн техникалык тейлөө станцияларында массалык түрдө аларды алып салуу тенденциясы өсүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда катализаторлордо баалуу металлдар бар жана аларды Европага сатуу чоң киреше алып келет.
УКМК автомобиль катализаторлорунун көзөмөлсүз сатып алуунун жана экспорттоонун алдын алууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплексин улантууда. Азыркы учурда тиешелүү органдар автомобиль катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселесин карап жатышат", - дешти мекемеден.
Буга чейин маалымдалгандай, УКМК автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, андан кийин Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасын аныктап, бөгөт коюлган.