Германияда 12-июлда суу ташкыны катталып, дайынсыз болуп жаткандарды аман-эсен табуу үмүтү өчүүдө. Бул тууралуу Германиянын техникалык жардам көрсөтүү кызматынын вице-президенти Сабине Лакнер немис басылмаларына берген маегинде билдирген.
"Азыркы тапта биз дагы эле жоголгондорду издеп жатабыз. Жолдорду тазалап, жер төлөөлөрдөгү сууларды сордуруу иштери жүрүп жатат. Бирок изделип жаткандардын жансыз денеси гана табылууда”, - деген ал.
Ошондой эле ал болуп өткөн окуяларга эч кимдин күнөөсү жок экендигин айтып, азыр күнөөлүүлөрдү издөөчү убак эмес экендигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, өткөн аптанын башында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Германиядагы Ар жана Мозель дарыяларынын суусу көтөрүлүп, суу ташкынына алып келген. Селдин кесепетинен эң көп Рейн-Вестфалия аймагындагы Арвайлер району жана Рейнланд-Пфальц аймагы жабыркап, жалпы курман болгондордун саны 169 адамга жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, 749 адам оор жаракат алып, 1000ге жакын адам дайынсыз болууда.