Пакистанда Тик-Ток тиркемесин колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Пакистан Телекоммуникация агенттиги Твиттер аркылуу кабарлады.
Маалыматта мындай чечимге Тик-Токтун адепке туура келбеген көрүнүштөрдү камтыганы жана тартипсиз нерселер көзөмөлгө алынбаганы себеп экендиги айтылат. Ушуну менен аталган өлкөдө Тик-Ток тиркемесин колдонууга төртүнчү ирет тыюу салынууда.
Белгилей кетсек, Пакистан Тик-Токко тыюу салган Азия чөлкөмүндөгү экинчи өлкө. Буга чейин аталган тиркемеге биринчилерден болуп Индия мамлекети тыюу салган. Ошондой эле Өзбекстан дагы өз аймагында аталган тиркемени колдонууда чектөө киргизген.