Тажикстан Согди облусунда масштабдуу аскердик окуу өткөрөт. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Согди облусунун төрагасы Ражаббой Амадзода облустарда, район жана шаарларда аскер кызматкерлерин жана запаска жарандарды да тартуу менен аскердик окуу өткөрүлөрүн билдирген. Ошондой эле бул аскердик окуу Тажикстандын 2021-жылга карата аскердик иш-чараларынын планы боюнча өтө тургандыгын кошумчалаган.
"Бул аскердик окуунун максаты аскердик күчтүн ар кандай кырдаалдарга карата даярдыгы, аймакты коргоо жана аскердик курамдын тажрыйбасын сыноо", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Согди облусу Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы менен чектешкен аймак. Аскердик окуу эмне себептен бул аймакта өтөрү маалыматта айтылган эмес.