Өлкөдө бензин, дизель майына болгон баа дагы өсүшү мүмкүн

Өлкөдө июль, август айларында бензин жана дизель майына болгон баалар дагы жогорулашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, баалар 6 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүлүшү, тагыраагы 2 сомдон 5 сомго чейин кошулары күтүлөт.

"Баалардын кымбатташынын негизги себеби Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорундагы баанын өсүшү. Июнь айынан июль айына чейин нефтини кайра иштетүүчү заводдордо бензиндин тоннасына болгон нарк 70 долларга, дизелдик отундун тоннасы 60 долларга көтөрүлдү. Бул бир литр бензинге 5 сом 50 тыйын, дизелге 4 сом 20 тыйын кошулат дегендик.

Ошого карабастан өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин литрине 16 сом 50 тыйын, дизель майы үчүн 12 сом 80 тыйын кошулду", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Бектурган
2021-07-21 22:34:45
Кошуна казахстанда бензин 25 сомдон сатылып атса, биздин жемкорлор эмнеге россиядан алат?
0
kkkk3259780
2021-07-22 05:32:38
Бектурган, Орускулдар коп болгон учун. тууганым.
0
Sambet08
2021-07-22 03:08:00
Эми эртен эле которуп албаса биздикилер
0
Dembele84
2021-07-22 06:04:56
Былтыр бул маалда бензин 36сом эле,азыр эми 56сомго которулду.Тарыхта мындай болгон эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан