Европадагы эң бийик көп кабаттуу үй курулуп бүттү

Европадагы эң бийик турак үйдүн курулушу аяктады. Бул асман тиреген имарат Испаниянын Бенидорм курорттук шаарында жайгашкан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Эгиз мунарадан турган имарат "Intempo" деп аталат. Анын бийиктиги 187 метр, 47 кабаттан турат жана эң жогорку кабатка 1 мүнөттө жеткире турган Европадагы эң ылдам лифт орнотулган.

Бул мунарадан пентхаусту 2 миллион еврого сатып алууга болот. Ал эми андагы кадимки батирлердин баасы 257 миң евродон башталат.

Белгилүү болгондой, имарат 2007-жылы курулуп баштаган. Бул аралыкта долбоордун ээси бир канча ирет алмашкан. 2014-жылы кезектеги ээсинин банкрот болушунан улам курулуш иши токтоп, 2018-жылы "SVP Global" инвестициялык фонду ээлик кылгандан кийин гана курулуш кайрадан башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан