Ошто үч жаранды сабап, денелерине жаракат келтиргенге шектүү жарандар изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Башкармалыктын маалыматына караганда, окуя 17-июлда Өзгөн районуна караштуу Жайылма жайлоосунда орун алган.
"17-июлда саат 21:30 чамасында жайлоодо жүргөн 28 жаштагы Б. уулу И., 32 жаштагы Б.Ч. жана 33 жаштагы М.А`ны У. уулу А. аттуу жаран достору менен эч бир себепсиз уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Жабырлануучулар алган жаракаттарынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилген. 18-июлга караган түнү саат 01:06 чамасында Ош ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан билдирүү түшкөн.
Аталган факты 18-июлда саат 01:20 чамасында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө тобу Ош облустук ооруканасына барган кезде, Өзгөн районунун 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси эки уулун жана күйөө баласын сабаган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Мындан сырткары 18-июлда 20 жаштагы Куршаб айылынын жашоочусу арыз менен укук коргоочуларга кайрылган. Анда 17-июль күнү саат 21:00 чамасында Жылышма жайытында аны жана 19, 16 жаштагы инилерин Кремль айылынын тургундары уруп, денелерине жаракат келтиришкендиги айтылган".
Жогорудагы факты 266-берененин ("бейбаштык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Бүгүнкү күндө жогорудагы жазык иштер боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү тактоо жана мыйзамдуу чара көрүү боюнча тергөө амалдары уланып жатканын милициядан билдиришти.