Австралияда ооган согушунун ардагерлери бийликтен Ооганстандагы аскерлерге жардам берген котормочуларды чыгарып кетүү талабын коюп, медалдарын өрттөп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ардагерлер мындай кадамга өлкөнүн премьер-министри Скотт Моррисондун австралиялык аскерлер Ооганстандан чыгарылат деген билдирүүсүнөн кийин барышкан. Ардагерлердин айтымында, талибдер котормочуларды батыш күчтөрүнө жардам бергендиги үчүн жазалашы мүмкүн.
Бийликтен котормочуларды чыгарып, алардын коопсуздугун камсыздоосун талап кылган ардагерлер топ түзүп, медалдарын өрттөп башташкан. Бул топтун башында Австралия армиясынын отставкадагы офицери Стюарт Маккарти турат.
"Бийликтин австралиялык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү чечими ооган котормочуларын кооптуу абалга таштайт. Биз мурда Ооганстанда согушуп, эрдик үчүн медаль алганбыз. Төш белгибиз үчүн уяла турган убак болуп калды. Себеби аскерлерди чыгарып кетүү менен Ооганстандагы жашоочулар жана аскерлерге жардам берген котормочулар кооптуу абалда калат", - деген ал.