1 жыл мурда бөйрөгүн алмаштырган телеалпаруучу Айдана Жаныбекова: "Дарыгерлер абалым эң жакшы экенин айтышты"

Ырчы Сагын Эргешов күйөрмандарына "Сүйөмүн сени" клибин тартуулады. Клиптеги окуя ырчынын бир кездеги кесиптеши, телеалпаруучу Айдана Жаныбекованын жашоосунан алынган. Бул тууралуу Сагын Эргешов билдирет.

Клиптин башкы каарманы Айдана Жаныбекова учурда Түркияда жүрөт. Ал чет өлкөгө бөйрөгүн алмаштыргандан кийин медициналык кароодон өтүү үчүн барганы өзү менен байланышканыбызда белгилүү боду.

"Операция болгонуна 1 жыл болду. Хирургиялык кийлигишүүдөн кийинки пландык медициналык кароолор да бүттү. Дарыгерлер 1 жыл бою ден соолугума байкоо жүргүзүп турушу керек болчу. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыгып, дарыгерлер абалым эң жакшы экенин айтышты, эч кандай коркунуч жок. Учурда аталган өлкөдө эс алып жүрөм", - деди ал.

Буга чейин 5-каналдын телеалпаруучусу Айдана Жаныбекованын эки бөйрөгү жарактан чыгып калганы, анын жардамга муктаж экени маалымдалган. Кийинчерээк ага чет өлкөдөн ийгиликтүү операция жасалганын кесиптеши Сагын Эргешов кабарлаган.

"Сүйөмүн сени" клибин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Umarbek82
2021-07-22 03:31:58
Кубанычтабыз. Ден соолугун чын болуп журо бер. Биринчи байлык ден соолук.
+6
Marat3443
2021-07-22 05:09:32
Олуп калышына аз калды еле го ошондогу акыбалыны коруп боорум ооруду еле еми кыска шорта кийип жалжандабай кичине тооба кылчы
+9
Egizderim-baktim
2021-07-22 05:21:00
Тообо кылдым гоо бирок олум алдында, конул кош эмес элимен жардам сурайм деп алып, кийинки жылы эле Турцияда, Дубайда эс алып журом деп мактанышса жардам бергин деле келбейт
+13
Datka7777
2021-07-22 06:33:16
Дароо эле секси барби болуп алыптыр го! Мор журушундо турктор соо койбойт, алтымыштан откон чалдары бир сугаргысы келет талтайтып
+5
Gulina90
2021-07-22 08:34:46
Ооруган адам билип кичине жабык кийинсе болмок,түрктөр өлүп эле калышат.
+9
Mina24
2021-07-22 08:55:21
Оа жабык кийинчи карындаш негатив байкап жазгыла жигиттер ал жагы ар кимдин оз абийри аны сен же мен токто албайбызда биз айтканды укпайтта акыл айтпай жылуу соз жазып койолу бизден кетпесин
+4
ayzhan12
2021-07-22 11:25:57
Mina24,
Жабык кийингиле деп ар кайсы кыздарга акыл уйротконду коюп, биринчи озунордун акылынарды тууралап алгыла. Ачык кийинип алып кыздар террор уюштуруп жургон жерлери жок
-6
JaneEr
2021-07-22 15:10:32
ayzhan12,тоок мээ
+2
elmira.
2021-07-22 09:43:44
Жардам сураган эле элден,эми эс алып...
+4
bond02
2021-07-22 11:23:53
Адам унутат да, журушун кара.
+3
ayzhan12
2021-07-22 11:24:37
Абдаг сонун жаркыраган кыз экенсин. Кыздар дайыма ачык жуздуу болуп журо бергиле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан