
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында
Үмүт Токтогул кызы 17-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу келиндин жакындары билдиришти.
Учурда Токтогул кызы Үмүттүн жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165 сантиметр, өңү кара тору, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Жоолукчан, кызыл түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан Токтогул кызы Үмүт тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерге жакындары кабарлап коюуңуздарды суранат.
Байланыш телефону: 0709 55 54 01.