Молдованын президенти Майя Сандунун мурдагы кеңешчиси Сергей Тофилат менен ички иштер министринин мурунку жардамчысы Генадий Косован түз эфир учурунда уруша кетишти. Уруштун видеосу учурда социалдык тармактарда жайылууда.
Анда Косован тарапташына ачуу сөздөрдү айтып, ичип жаткан суусун жүзүнө чачып жибергенин көрүүгө болот. Ал эми Тофилат ага муштум менен жооп кайтарып, кесиптешин жерге жыгылткан. Натыйжада президенттин мурунку кеңешчиси эс-учун жоготуп, "Тез жардам" чакырылганын программага катышкан Молдова либералдык партиясынын лидери Дорин Киртоаке өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып калтырды.
Ошондой эле программанын алып баруучусу Дмитрий Мишин окуядан соң тараптардын элдешкенин билдирип, Тофилат менен Косовандын кол алышып турган сүрөтүн жарыялады.