Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү саат 19:44 чамасында Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чоң Чүй каналына 5 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, чөгүп кеткен баланын жансыз денесин суудан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.