Түркиянын Анкара шаарынын Башкы прокуратурасы ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны 22 жыл, 6 айга эркинен ажыратууну талап кылууда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюм курууга жана жетектөөгө" айыптап, 22 жыл 6 айга эркинен ажыратуу арызы менен Анкара сотуна кайрылган. Ошондой эле аталган доо арыз Анкара соту тарабынан каралып, акыркы чечим чыгары да айтылат маалыматта.
Буга чейин Инанды уурдалбаганын, жоопко тартылуу үчүн кармалгандыгын Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Доган жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.