Ысык-Көл облусуна караштуу Чырпыкты айылында 5 адам каза болуп, дагы 4 жаран ооруканага жеткирилген жол кырсыгында Лексус унаасынын айдоочусу мас абалында болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынан билдиришти.
"5 адам каза болгон унаада Чырпыкты жана Токмок шаарынын тургундары, тактап айтканда эки үй-бүлө кетип бара жатышкан. Ал эми Лексуста дагы бир үй-бүлө. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деди башкармалыктан.
Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Galant унаасынын айдоочусу, жүргүнчү катары келе жаткан 58 жаштагы З.Э. Ысык-Ата районунун тургуну 57 жаштагы А.А. жана Токмок шаарынын тургуну Т.Н. жана Б.Б. аттуу жарандар каза болгон. Каза болгондордун экөөсү эркек, үчөө аял болгон.
Ал эми Лексус LХ-470 унаасынан 9 жана 6 жаштагы эки бала жана чоң киши денелеринен алган жаракаты менен райондук ооруканага жаткырылган.