Кыргыз Конору аталган караколдук спортчу Ислам Токтобаев кезектеги беттешин өткөрүп, жеңишке жетип курга ээ болду. Бул тууралуу машыктыруучусу Азиз Мусаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Азимбек Жаныбеков аттуу 27 салмактагы спортчу бала Ислам Токтобаев менен беттешүү үчүн чакырык жасаган. Биз аны кабыл алып, кечээ мелдеш өткөрдүк. Жыйынтыгында Ислам жеңип алды. Биринчи беттеште эле Ислам уткан, бирок Азимбектин машыктыруучусу уткан жок деп чычалап, кайрадан беттештиргенде Ислам дагы жеңип алды. "Жолборс таймдын" курун мен экөөнө башкы байге катары коюп бергем, ким утса ошол алат деп, жыйынтыгында Исламга буюрду. Учурда Казакстанга дагы чакыруулар болуп жатат", - дейт Мусаев.
Жакында эле интернет айдыңына кичинекей спортчу баланын таймашка чыгып, атаандашын жеңип алган соң UFC жылдызы Конор Макгрегорду туурап басып бара жаткан видеосу жарыяланып, көпчүлүктүн алкоосу менен жылуу пикирине татыган. Кийин ал баланын Ысык-Көл облусунун 12 жаштагы тургуну Ислам Токтобаев экендиги белгилүү болгон.