УКМК пара талап кылуу фактысы менен Сокулук РИИБинин 3 кызматкерин кармады

УКМК пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБинин кызматкерлери аныкталып, кармалышты.

Анда Сокулук РИИБинин бөлүм башчысынын орун басары А.К., тергөөчү И.А. жана М.А. жарандын өндүрүш ишин оң жакка чечип беребиз деп акча талап кылышкан. Азыркы учурда кызматкерлер камакка алынып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhunusali
2021-07-22 17:52:26
Олум жазасын киргизмейинче корупцияны женалбайт окшойбуз сыягы?
0
Asman779
2021-07-22 18:31:05
Бул Курсак менен кылмышкерди кармай албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан