Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов дайындалды.
ӨМҮР БАЯНЫ:
1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун технологиялык факультетин аяктаган;
1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган;
2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ
Эмгек жолун 1988-жылы Ош шаарындагы эт комбинатынын товардык мастери болуп баштаган. Андан кийин ошол эле ишканада таразачы, сатуучу жана бригадир болуп иштеген.