Жай мезгилинде 50 градуска чейин ысык аба ырайы катталган Бириккен Араб Эмирлиги жасалма жол менен жамгыр жаадыруучу жаңы технологияны сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сыноонун жыйынтыгында кадимкидей жаап жаткан жамгырдын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
"Жасалма жаан Хажар кырка тоолорунда, Хатта айылынын түндүгүндө, Вади аль-Хилю, Калба Роуд жана Хувайлат райондорунда жаады", - деп айтылат жергиликтүү маалымат булактарында.
Жасалма жол менен жамгыр жаадыруу ыкмасы дрондордун жардамы менен ишке ашырылган. Атайын дрондор эч кандай химиялык кошулмаларды колдонбостон булуттарга электр разряддарын таратып, жаандын жаашына себеп болгону жазылат маалыматта. Ал эми мындай сыноону Бириккен Араб Эмирлиги британиялык Рединг университетинин окумуштуулары менен биргеликте ишке ашырган.