Биз социалдык тармакта

Министрлик Кара-Буура-Чаткал жолунда калган 100дөй жарандын арасында жабыркагандар жок экенин айтты

Буга чейин Чаткал-Кара-Буура жолун бир нече жеринен сел алып кетип, 100дөй адам, 30дай унаа орто жолдо калгандыгын жазганбыз.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына байланышканыбызда жеринде жергиликтүү бийликтин 3 жүктөгүч унаасы тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

"21-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Шилбили өзөнүнөн келген сел суулары Кара-Буура-Чаткал унаа жолунун 15-чакырымында жолду каптап, унаа өтүүчү көпүрөнү бузуп кеткен. Сел суулары унаа жолду бузуп, каттам эки тараптуу жабылып, болжол менен 25-30 унаа өтө албай калган. Жабыркагандар жок", - дешти басма сөз кызматынан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан