Дубайдагы кафелердин биринде дүйнөдөгү эң кымбат балмуздак сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик блогер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшкөн.
"Кара алмаз" аталышындагы балмуздактын бир даанасы 3 миң араб дирхамы же болбосо 69 миң сом турат. Эң кызыгы, балмуздактын үстүнө желе турган алтындар да коюлган.
"Бир балмуздак үчүн 3000 араб дирхамы. Дубайда алтын жеп жатабыз", - деп жазып калтырган блогер.