Ысык-Көлдө сабалган 9 жашар баланын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө иши токтотулду. Бул тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу дешет облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-июнунда Бишкектеги Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө №3 ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда денесинен ар түрдүү жаракат алган 9 жашар бала медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы маалымдалган.
"Баланын сабалышы боюнча окуя Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында катталгандыктан, иш облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун денесине жеңил жаракат келтирилген. 21-июлда сотко чейинки тергөө иштери 26-берененин негизинде токтотулду. Тагыраагы тараптар элдешти", - дешти башкармалыктын басма сөз кызматынан.
Буга чейин тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда теңтуштары тарабынан сабалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү залал келтирилип, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Бул окуя министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүнө алынган.
Ал эми Бишкектеги Орус үйү бул окуяга байкоо жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Муфтият башка диндин өкүлдөрүн лагерде болгон окуяга айыптабоого, каралабоого чакырган.