Бишкек шаарында 18 жаштагы кыз бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Анын өлүмүнө шектүү жаран 5-кабаттан боюн таштаганын Свердлов РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда орун алган. Анда Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жаракат алган кыз тууралуу билдирүү түшкөн.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 2003-жылы туулган Т.К. аттуу кыз көкүрөк тушунан бычактан жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Бирок тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан кыз каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1978-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кылмышка шектүү экени аныкталды. Ал 5-кабаттан боюн таштап, алдын ала баш мээси чайкалып, буттары сынган деген диагноз менен ооруканага түшкөн. Учурда териштирүү иштери улантылууда", - дешти мекемеден.