Тажикстан кошуна өлкөлөргө куралдуу күчүн колдонбойт. Мындай билдирүүнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон аскер кызматкерлерине сөз сүйлөп жатып билдирген. Бул тууралуу маалымат аталган өлкөнүн басылмаларында жарыяланды.
"Эч качан кошуна өлкөлөргө карата куралдуу күч колдонбойбуз деп так кесе айтам. Биз коңшу мамлекеттер менен тынчтыкта, ынтымакта жана достук мамиледе болушубуз керек", - деген ал.
Ошондой эле Рахмон Ооганстан өлкөсү алардын жакын коңшусу экенин жана ооган элинин тагдырына кайдыгер карабай тургандыгын айткан. Оогандагы кагылышуу куралдуу күчтүн эмес, тынчтык жолу менен чечилиши керектигин белгилеген.
"Байыркы маданият баалуулуктары, тарыхы бар, улуу даанышмандарды чыгарган ооган эли азыркы учурдагы жана келечектеги тагдырын өз колуна алышы керек", - деп кошумчалаган Эмомали Рахмон.