Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Иш-чара 22-августтан 31-августка чейин Чолпон-Атадагы ат майданында орун алат. Бул тууралуу Көк федерациясынан кабарлашты.
Мелдеш өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлөт. Ага жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөн келген командалар ат салышат.
Бул мелдеш көк бөрү оюнун кеңири жайылтуу, андан ары өнүктүрүү, улуттук спортту жайылтуу жана эл аралык аренада достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлөт.
Мындан тышкары 26-августтан 31-августка чейин Төлөйкөн ат майданында (Ош облусу) көк бөрү боюнча мелдеши өтөт.
Спорттук иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы Көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурууда.
Эске салсак, көк бөрү боюнча президенттин Кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.
Эл аралык көк бөрү мелдешине катышуу үчүн бардык командалар 2021-жылдын 10-августуна чейин Тоголок Молдо, 17 (Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция) дарегине билдирме жөнөтүшү керек. Эл аралык мелдештин бардык уюштуруу маселелери боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы - 0772 940 077;
Ош облусундагы федерациясынын вице-президенти Абди Исаков - 0551 102206.