21-июль күнү катуу жааган жаандан жүргөн селден улам жабылган Талас-Чаткал жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Сел суулары унаа жолду бузуп, каттам эки тараптуу жабылып, болжол менен 25-30 унаа өтө албай калган. Селден жабыркагандар жок. Жеринде ӨКМнын Кара-Буура райондук башкармалыктан ыкчам топ жана 4 жүктөгүч тартылып, унаа жолу сел калдыктарынан толук тазаланып, ачылган. Ал эми өтө албай калган унаалардын жүргүнчүлөрүнө Кара-Буура райондук администрациясы тарабынан ысык тамак берилип, туруктуу жайларына жөнөтүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин акын Мырзайым Айтимбетова SUPER.KG порталына Талас-Чаткал унаа жолунда сел жүрүп, жол жабылганын, 100дөй адам, анын ичинде оорулуу адамдар жолдон өтө албай калганын билдирген.