Орусия коңшу Тажикстандагы жаңыланган БМП-2 согуштук унааларын жеткирүүнү баштады. Согуштук унаалар Өзбекстан, Орусия жана Тажикстандын Ооганстан менен чек арасындагы биргелешкен машыгууларында колдонулат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, согуштук унаалар Ил-76 жүк ташуучу учагы менен жеткирилүүдө. Жалпысынан Тажикстанга 17 БМП-2 согуштук унаасы жеткирилет.
БМП-2 согуштук унаасынын модернизацияланган версиясы өрттү башкаруунун автоматтык тутуму жана жакшыртылган байланыш менен айырмаланат.