Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы 4 адамдын өмүрүн алган кырсык. Бүгүн ооруканада дагы 2 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан ооруканада дагы эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Митсубиси Паджеро унаасын 1976-жылы туулган айдоочу, Хонда Степвагон машинасын 1996-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

"Кырсыктын кесепетинен Хонда унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү каза болгон. Бүгүн, 23-июлда Чүй облустук ооруканасында дагы Хонда Степвагондун 2 жүргүнчүсү көз жумду. Дагы эки жүргүнчүсү учурда ооруканада.

Ал эми Митсубиси Паджеро унаасынын айдоочусу кырсык болгон учурда мас абалда болгон. Учурда ар кандай жаракаттар менен ооруканада. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-07-23 10:07:49
Канча адамдын убалына калды. Арак ичип айдагандын кесепети мына. Куноосуз адамдарды кырып салды алты кишинин омуру онойбу эмне, артында ата эне, бала чакасы кантет эми?
+1
Бектурган
2021-07-23 14:41:50
Жолдорду кеңейтиш керек, бир жака эки унаа, бир жака эки унаа жүрө турган кылып, ошондо встерчныйга чыкпай эле бир-биринен обгом алып кете бермек, а так жол кырсыктын 80% ы эле тар жолдо встречныйлардан болуп жатат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан