Казакстандын Астана шаарында балдар мышыкты 9-кабаттан ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу Астанадагы жаныбарларды коргоо уюму өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, балдар интернетте мышык кандай бийиктик болбосун буттары менен түшөт деген видеону көрүп аны иш жүзүндө текшерип көрөйүн дешкен. Бирок 9-кабаттан ыргытылган мышык өлүп калган.
Социалдык тармактын колдонуучулары ата-энелер балдарга кичинекей кезинен баштап жаныбарларга аяр мамиле жасоону үйрөтүш керек экендигин, интернеттеги видеолордун баары эле чындыкка дал келбестигин үйрөтүү керектигин жазып калтырышкан.