"400 адам ишембиликке чыккан". Ысык-Көлгө бараткан жол боюндагы тоодогу желек калыбына келтирилди

Ысык-Көлгө бара жаткан жол боюндагы тоодогу Кыргыз өлкөсүнүн желеги калыбына келтирилди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу тоодо жайгашкан Кыргыз өлкөсүнүн желеги эсиңердеби? Быйыл жарым-жартылай болуп көрүнбөй калган.

Жаңы дайындалган Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Кожоев облустук, райондук администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн бардык кызматкерлери - 400 адамды өз каалоосу менен ишембиликке чогулткан.

Таштарды коюу, сырдоо, тоолуу аймакты тазалоо иштери жакшы жүрүп, 5 сааттан кийин Кыргыз Республикасынын желеги кайрадан калыбына келтирилди", - деп жазган Молдокматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан