"Токио-2020": Парадда өлкө желегин Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин суучул Денис Петрашов менен ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков билдирди.

"Учурда Токиого Кыргыз спортчуларынан Роман Петров, Денис Петрашов, Каныкей Кубанычбекова жана Владимир Золоев келди. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп басышат", - деди Аскарбеков.

Ошондой эле ал спортчулар күн сайын коронавируска каршы тест тапшырып жатканын кошумчалады.

Кыргыз өлкөсү ачылыш аземдеги парадда 54-номурда чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-07-23 13:53:25
Ушул жерде да дуйнолук сасык саясат ойноп кетпесе экен! Калыстардын калпыс ишининен бир спортсмендерге зыян келип калган буга чейин! Даняр Кобонов, Изат Артыков, Канат Бегалиевдер спорттун ириген саясытынын курмандыгы болушкан. Алар мелдешке катышып жургондо эми эле жаны мектептин босогосун аттаган улан, кыздарыбыз азыр жолдомо алып Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан