"Барселона" быйыл командадагы бир канча оюнчусу менен коштошушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Жакында эле команданын легендарлуу жылдызы Лионель Месси менен кайрадан келишимин жаңырткан каталондук клуб жайкы трансфердик сезондо бир канча оюнчусун сатууну көздөп жатат. Алардын ысымдары төмөндө...
Антуан Гризман
2 жыл мурун 120 миллион еврого Барселонанын катарына кошулган франциялык жылдыз ал сезондун эң кымбат 5 оюнчусунун катарына кирген эле. Ал эми бул жылы ал кайрадан мурунку клубу Атлетико Мадридке кайтышы мүмкүн экендиги айтылууда.
Филиппе Коутиньо
Ливерпулда жылдызы жанган бразилиялык футболчу Филиппе Коутиньо Барселонага кошулган 2018-жылдан бери испаниялык күйөрмандар күткөн оюнду көрсөтө албады. Ага футболчунун алган жаракаттары да себеп болгонун айтышат айрымдар. Ал ортодо Коутиньо германиялык Бавария клубуна да ижарага ойноп келгенин да кошумчалай кетсек болот. Бразилиялык оюнчунун каталондук клуб менен болгон келишими 2023-жылга чейин болсо да, Барселонанын сатыкка койгон оюнчуларынын катарында.
Усман Дембеле
Ошол эле алган жаракаттарынын айынан көп оюн өткөрө албай калган оюнчулардын бири Усман Дембеле. Клуб Франциялык футболчуну 2017-жылы 135 миллион еврого сатып алган.
Мартин Брейтуейт
Евро-2020да Дания курамасы менен оюн алпарган Брейтуейт үчүн да Барселонага бир канча клубдан сунуштар түшүп жатат. Белгилей кетсек, аталган футболчу 2020-жылдын февраль айында 17 миллион еврого келген.
Миралем Пьянич
Былтыркы сезондун башында Барселонадагы Артур Мелонун ордуна Ювентустан келген Пьянич бул жылы кайрадан туриндик Ювентуска кетиши күтүлүүдө.
Клеман Лангле
"Барселонаны" атмосферасына жакшы көнө албаган франциялык Клеман Ланглеге да англиялык клубдардан сунуш түшүп жатканы айтылууда.
Нето
2019-жылы испаниялык Валенсия клубунан 26 миллион еврого келген бразилиялык дарбазачы Нето Тер Штегендин көлөкөсүндө калып, такыр эле унутулуп бараткандай. Барселона 32 жаштагы голкипер үчүн да жаңы клуб издеп жатат.
Мусса Ваге
Көп убактысын ижарада ойноп өткөргөн 32 жаштагы сенегалдык футболчунун быйыл "Барселонадан" кетери аныкталып калгандай. Жаш футболчу үчүн Ла Лигадан жана Лига 1ден кызыкдар клубдар бар.