Кыргызстанда жыл башынан бери 206 өзгөчө кырдаал катталып, 12 адам каза болду

Кыргызстанда 2013-жылы 206 өзгөчө кырдаал катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 29-октябрда берген маалыматына ылайык, өткөн жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 441ди түзгөн. Анын ичинен жаратылыш кырсыктары - 156, кар көчкү - 36, катуу шамал - 26, жер титирөө - 1, суу каптоо - 3, жер көчкү - 9, сел - 65, мөндүр – 4 жана 3 кардын катуу жаашы катталган. Техногендик мүнөздөгү 26 кырсыктын ичинен чыккан өрт - 24, авиацияга байланыштуу кырсыктар – 2 болсо, социалдык-биологиялык кырсыктардан кутурма – 16, малдын массалык кырылуусу – 2, кара тумоо – 1 жана 3 сибирь жарасы аныкталган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан