"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн барган спортчулар мелдешке катышкандан кийин 2 күндүн ичинде спортчулар шаарчасынан чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков билдирди.
"Коронавирустан улам аябай катуу шарттар каралып жатат. Уюштуруу комитетинин шарттары боюнча ар бир спортчу мелдешке чыгардын алдында 5 күн ичинде келиши керек. Ал эми катышып бүткөндөн кийин 2 күндүн ичинде спортчулар шаарчасынан чыгып кетиши керек. Кийинки этап менен оор атлетчилер, андан кийин балбандарыбыз Токиого келишет", - деди Аскарбеков.
Кыргыз өлкөсү ачылыш аземдеги парадда 54-номурда чыгат.