"Жапаров менен Ташиев бийликти бөлүштүрө албай жатат". Тилек Токтогазиевдин жазган билдирүүсү талкууда

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев өзүнүн Фейсбук баракчасына президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев экөөнүн достук мамилесин жазды.
"Эки дос, дөө кагышса, ортодо чымын өлөт". Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калды. Байкуштар кимди угуш керек экенин да түшүнбөй калышты.
Жапаров бир позиция менен чыкса, Ташиев пресс-конференцияларды берип, президенттин ыйгарым укуктарын ээлеп алгандай эле болуп, кээде Жапаровдун позициясына каршы пикирин билдирип коёт.
Жапаров шайлоого өзүнүн "Мекенчил" партиясын чыгарбайм деп чечим чыгарса, Ташиев шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясын чыгарып, жергиликтүү кеңештерди көп жерлерде өзүнүн колуна алып алды.
Бул кырдаал албетте Жапаровго жана анын жанында жүргөн адамдарына жаккан жок. Ошон үчүн айыл өкмөттөрдү жана мэрлерди дайындоо боюнча акимдер чечсин деген нормаларды жаңы мыйзамдарга киргизип жатышат. Күчтүү жергиликтүү бийлик - бул Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасындагы биздин салыштырмалуу чоң артыкчылыгыбыз.
Президенттин мен баарына жооп берем деген саясаты өлкөбүздү чоң туңгуюкка алып келет. Натыйжалуу башкаруунун бирден бир сыры - бул жумушту жана жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү.
Мисал катары үй-бүлөнү алалы. Үйдө бүт майда-чүйдө маселелерге чейин кийлигишип, диктатор - атасы эле баарын чече берсе - аялы да, балдары да жоопкерчиликти өзүнө алгандыгын, кандай экенин билбей да калышат. Чечим чыгаруу, жоопкерчиликти өзүнө алуу сапаттары бат эле атрофия болуп жок болот. Мындай үй-бүлө туруктуу болобу? Атасы кокустан бир нерсе болуп кетсе, бул үй-бүлө менен эмне болот?
Биз туруктуу өнүгүүнү кааласак, ар бирибиз өзүбүздүн тагдырыбыз үчүн жоопкерчиликти алганды үйрөнөлү. Эки дос бири-биринен кызганып, канча жылдан бери түптөлүп келе жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын талкалай башташты. Ооба, каталар көп болгон, бирок негизги багыты туура эле болчу. Бара-бара көч оңолот эле. Алдыга баскан жолдон бурулуп, кайра 20 жылга артка кетип бараткандай эле сезилет.
Маңкуртка айланбайлы, достор! Өз алдынча башкаруу системасын сөзсүз сактап калалы. Ошон үчүн күрөшөлү!
Ал эми эки дос болсо, бири-бири менен сүйлөшүп алып, бирөөсү саясаттан тез убакытта кетип калышы керек болуп калды. Антпесе эки дос, эки дөөгө айланып, ортосунан Кыргызстандын мамлекет башкаруу системасын таптакыр эле талкаламай болушту", - деп жазды Токтогазиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Milduri
2021-07-23 14:55:19
Сен дагы элди бөлүп жарбай помидоруңду терип жүрө бер, иш берсе иштей албадың, сен бийлике келем десең биринчи айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаты, аким, анан министр бол!
+17
NURSAPAR
2021-07-23 15:06:44
Шаолинь новоиспеченный политик. Собери огурчики
+10
Marni
2021-07-23 15:09:17
Туура айтат. Эмне калппы?! Ташиев в каждой д**ке затычка болуп атат го.
-9
Dembele84
2021-07-23 15:39:38
Садыры да Ташиеви и бул шаолинь дагы эч нерсени кыйратпайт,колдорунан пок келбешин уже корсотуп коющту
+15
uli1234
2021-07-23 17:05:01
Шоулин ырдап кой деп тур
+7
ulaAjidar
2021-07-23 17:18:08
Кайра чыктыкбы
+6
ainura220888
2021-07-23 18:12:25
Оздорун оздору башкаргандарды коруп атабызго. 2-3жылга жетбей 3этаж уйлорду салып лексустарды айдап аз келгенсип аялдарын мектеп садиктерге директор кылып койгон. Пускай текшеруу болсун. Кимдин жери бош жатса эле хозяини Россияда жургонуно карабай сатып жиберишет тообо. Бул айыл окмот башчыларын караган деги бироо барбы озу
0
mirkaa5182
2021-07-23 18:51:31
Шаулин бадыриңди эгип тиргилигиңди кылчы.
+6
nazira...
2021-07-23 19:02:36
Иии бул бала да оппозициядабы
+2
Kona8631
2021-07-24 00:35:21
Мен мурда эле уккам
0
Kuban-1207
2021-07-25 15:54:42
Шаулин тынч жат бирди корсотот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан