24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
"Борбордук шайлоо комиссиясы Өзбекстандын президентин шайлоо күнүн 2021-жылдын 24-октябрына белгиледи", - деп айтылат өзбек БШКсы тараткан маалыматта.