Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында медаль уткан тажик спортчуларына батир убадалады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Олимпиадада алтын уткан тажик спортчуларына Рустам Эмомали Дүйшөмбү шаарынан төрт бөлмөлүү батир, күмүш уткандарга үч бөлмөлүү батир жана коло медаль уткандарга эки бөлмөлүү батир берет. Мындан тышкары Тажикстан өкмөтү акчалай сыйлык берет.
Тажикстандын атынан Олимпиада оюндарына 10 спортчу катышат.