"Биздин чөйрөдө, деги эле чыгармачылыкта назик болсоң тебелеп кетишет" деген белгилүү манасчы, дастанчы, BBC`нин тандоосу боюнча Дүйнөдөгү 100 таасирдүү айымдын бири Ширин Сарыгулова бул ирет биздин маек төрүбүздө конок болду.
"Менде бала кезден эле тартынуу, уялуу деген жок. Ал кандай, эмне экенин сезип көргөн эмесмин. Биздин чөйрөдө назик болсоң тебелендиде каласың. Сенин артыңдан чыгып келе жаткандар сенден өсүп, тебелеп кетишет. Ошондуктан ар дайым аракет кылып, өнүгүүнүн үстүндө болуш керек. Мен билгендеримди студенттериме үйрөтүп, көрсөтүп келем. Элимдин жакшылыгында кызмат кылып, өнөрүмдү элге тартуулап жүрөм", - дейт Сарыгулова.