Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшүнө каршы болгон жарандар нааразычылык акциясына чыгышты

Токиодо жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы болгон адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Андагы маалыматка ылайык, нааразычылык акциясы "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюдарынын ачылуу аземине 1 саат калганда башталган. Аны телеканалдардын бири түз эфирде көрсөткөн.

"Япониянын жашоочулары Олимпиада оюндары коронавирус инфекциясынын жайылышына себепкер болот деп чочулап жатышат. Олимпиадага катыша турган спортчулардан жана катышуучулардан коронавирус илдети аныкталган учурлар катталып жатат. Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Япониянын калкынын дээрлик 50 пайызы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө каршы экендиги белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары бүгүн, 23-июлда башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан