
Таласта Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин капиталдык оңдоо ишинде баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн. Анда
мамлекетке 1 миллион 572 миң 831 сом зыян келтирүү фактысы аныкталган дешет Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан.
"2015-жылдын 23-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаменти “Б-С” жоопкерчилиги чектелген коому менен Кара-Буура районунун Аманбаев айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин имаратына капиталдык оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү үчүн келишим түзгөн. Ага ылайык, республикалык бюджеттен 13 миллион 764 миң 170 сом каржыланган. Оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин жогоруда аталган департаменттин кызматкерлери мектептин имаратын пайдаланууга кабыл алышкан.
Бирок аткарылган жумуштарды текшерүүдө оңдоо иштеринин айрым жумуштары жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү жана алар сапатсыз аткарылгандыктан кошумча чыгымдар талап кылынары такталды", - дешет прокуратурадан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене менен ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.