Чүй облусунун Беловодск айылындагы шаурма саткан жайда өрт чыкты. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу жарыялады. Анда контейнердин күйүп жатканын, өрт өчүрүүчүлөр келгенин көрүүгө болот.
Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу маалымат бере элек.