"Кафе ээсинен 9 миң доллар пара алган". УКМК тарабынан Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери кармалды

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Аталган комитеттин маалыматына ылайык, далилдер жетиштүү болгондугуна байланыштуу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Мекеменин кызматкери М.А. Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9000 миң доллар өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталган. Ал мурда алынган 6000 миң доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда колго түшүрүлдү.

Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayzhan12
2021-07-23 22:39:54
Ташиев бул кызматка келгени ГКНБ озунчо бир бандиттик уюмга айланды. Кустурбатабыз эле дейт кандай жол менен кустутуп атат, акчалар кайсыл жака жумжашылып жатат эч бир отчет бербейт. Ташиев олкодо озунчо эле бир кол тийгис ажыдаарга айланып алды. ГКНБ негизи коопсуздук маселе менен иштеш керек. Ташиев болгон тешике кирип алды. Кыскасы Ташиев ГКНБны ОПГ сыяктуу ишкерлерди "отметкага" отургузмай кылмыш уюмга айлантып алды.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан