Организмде витаминдердин жетиштүү же жетишсиз экендигинен кабардар болуп туруу үчүн жылына бир жолу бардык витаминдер тобуна анализ тапшырып туруу керек. Бул тууралуу Орусиядагы Европа медициналык борборунун врач-диетологу, медицина илимдеринин кандитаты Ксения Селезнева орус басылмаларынын бирине маек берип жатып айткан.
"Анализ организмде кайсы витаминдин тобу ашыкча же жетишсиз экендигин көрсөтөт. Ошого жараша жетишсиз болгон витаминдерди колдонуу керек. Көпчүлүк адамдар анализ тапшырбастан эле витаминдердин комплекстүү түрүн колдонушат. Бул туура эмес, организмге ашык болуп жаткан витаминдердин ордуна жетишсиз витаминдерди колдонуу керек", - деген ал.
Диетолог билдиргендей, организмге кайсы бир витамин жетишсиз болуп жаткандыгы көп убакытка чейин байкалбайт. Андыктан организм кайсы витаминге чаңкап жатканын билүү үчүн сөзсүз анализ тапшыруу керек.